Ош шаарына жаңы 120 атайын техника сатып алынды
29 июль

Ош шаарына жаңы 120 атайын техника сатып алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик турукташтыруу фондунан 500 млн сом бөлүп берген каражатка жалпы 120 даана 21 түрдөгү атайын техникалар (спец техника) Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары үчүн сатып алынды.

Учурда толук техникалар алынып келинип, шаардын борбордук аянтына тизилип жатат. Бул техникалар алдыда шаар көчөлөрүн жууп тазалоо, шыпыруу, кышкысын жолдордогу карды күрөө, туз себүү сыяктуу жумуштарга тартылып, тиешелүү ишканаларга бөлүштүрүлөт.

Андан сырткары автовышкалар, крандар, HOWO, SHAHMAN сыяктуу оор жүк ташуучу унаалар, жолго асфальт төшөөчү техникалар бар. Жакынкы күндөрү, расмий тапшыруу аземи өтөт.