Нарматова: Кыздар, аскерге барбаган балдарга турмушка чыкпагыла...
21 май

Нарматова: Кыздар, аскерге барбаган балдарга турмушка чыкпагыла...

Депутат Надира Нарматова мектептерге баштапкы аскердик даярдоо курстарын ачып, мугалим катары чыныгы аскер кызматкерлерин алуу зарылдыгын белгиледи.

Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында коргоо министрине Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралып жатат.

«Айрым көрүнүштөр аскерде «дедовщина» дагы деле күч экенин айгинелеп турат. Мындай нерселер балдардын аскерге баруу ниетине терс таасирин берет. Кыргызстан боюнча 2 миңден ашуун мектеп бар болсо, ар бирине Билим берүү министрлиги менен Коргоо министрлиги биргелешип, баштапкы аскердик тарбия берүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуусу керек. Союз мезгилинде бар болчу, биз ал жактан бүт керектүү нерселерди үйрөнгөнбүз, жаман болгон жокпуз, турмушта колдонуп келатабыз. Балдар таптаза кезинде үйрөтсөк, мээсинде калат», – деди депутат.

Ошондой эле, ал аскердик кызмат өтөөнү ар бир эркек баланын башкы милдетине айлантып, ал турмак кыздарды аскерде кызмат өтөбөгөн жигиттерге турмушка чыкпай тургандай кылуу керектигин белгиледи.

«Аскерге барбаган жигиттерге турмушка чыкпаш керек. Мекенин коргогонго жарабаса, үй-бүлө жоопкерчилигин да ала албайт, ошонун айынан тирүү жетим балдар көбөйүп жатат. Үй-бүлө институту талкаланууда. Жигиттер эркектик жоопкерчилигин сезиш керек», – деди.