14 жаштагы өспүрүм унаа башкарып бара жатып, кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалды
27 август

14 жаштагы өспүрүм унаа башкарып бара жатып, кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалды

14 жаштагы өспүрүм жездесине таандык автоунааны уруксатсыз башкарып, жолдо бара жаткан жеринен милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулуп, кармалган.

Аталган транспорт каражатын 14 жаштагы өспүрүмгө башкарууга бергендиги үчүн анын жездесине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 184-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 15 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы ата-энелерди жана транспорт каражаттарынын ээлерин жашы жете элек балдарга унаа башкарууга жол бербөөгө чакырат. Мындай жоопкерчиликсиз мамиле жол кырсыктарына жана оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.