Бишкекте жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн 20 айдоочу иштен алынды
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратузумду онуктуруу департаментинин директору Улан Бейшенбаевдин төрагалыгы астында муниципалдык коомдук транспорт маселеси боюнча кезектеги жыйын болуп өттү.
Чогулуштун негизги багыты жол коопсуздугу, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери жана аялдама комплекстеринде коомдук транспортту туура токтотуу болуп саналат.
Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты жогорулатууга жол бербөө, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана транспорт каражаттарынын техникалык абалын көзөмөлдөө зарылдыгын эскертти.
Эреже бузган айдоочуларга эскертүү берилди. Өз кезегинде жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн 20 айдоочу иштен алынды.
Жыйындын соңунда айдоочулар тарабынан жол эрежесин сактоону күчөтүү, коомдук транспорттогу тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча тапшырма берилди.
Белгилей кетсек, мындай чогулуштар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
