Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын кезектеги форуму өттү
17 февраль

Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын кезектеги форуму өттү

Бүгүн, 17-февралда "Кризистик борборлор: колдоо, коргоо, жаңы жашоо” деген аталышта Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форуму болуп өттү. Форум депутат Айсулуу Мамашованын төрайымдыгы алдында өтүп, ага эл өкүлдөрү Шарапаткан Мажитова, Надира Нарматова, Гуля Кожокулова, Айсаракан Абдибаева, Камила Талиева, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Айгүл Айдарова, Жылдыз Таалайбек кызы катышты. Форумга Республикадагы кризистик борборлордун жетекчилери,  Финансы министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, УКМКнын, ИИМдин өкүлдөрү, акыйкатчы, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоочу уюмдарынан катышты. 

Форумда депутаттар Гуля Кожокулова, Камила Талиева статистикага таянып,  үй-бүлөлүк зордук-зомбулук күчөп жатканын белгилеп, ага каршы күрөшүүдө алгылыктуу иш алып баруу зарылдыгына токтолушту. Форумда кризистик борборлордун жетекчилери өз ишмердиктери тууралуу баяндама жасап, ар тараптуу колдоого муктаж экенин  ачыкташты.  Алар айрым кризистик борборлор өз имараты жок ижарада отургандыктан жабылуу алдында турганын маалымдады. Депутат Айсулуу Мамашова да   үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүүдө кризистик борборлордун маанилүүлүгүн белгилеп,  бирок мындай көмөкчү уюмдарда учурда каржы маселеси курч болуп жатканын билдирди.  Кризистик борборлорго колдоо көрсөтүү зарылдыгын айткан депутат Надира Нарматова жана Айсаракан Абдибаева  форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алып, маселени Президенттик Администрациянын, Министрлер кабинетинин деңгээлинде чечүү зарыл деген сунушун берди. 

Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү билдиргендей, быйыл 115 млн сом каралган. Ал  кризистик борборлор  тарабынан сунушталган долбоорлор каржыланарын кошумчалады.

Форум катышуучулары коомчулуктагы көйгөй болуп жаткан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүү боюнча бир катар сунуштарын беришти.