Бишкекте дары-дармек жана медициналык буюмдар үчүн борборлоштурулган кампа оңдолууда
КРнын мамлекеттик медициналык мекемелерин дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоого жооптуу болгон «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы борборлоштурулган өз кампасын түзүүгө киришкенин жарыялады.
«Кыргызфармация» МИнин директору Талант Султановдун айтымында, бүгүнкү күндө ишкана республиканын аймагындагы 300гө жакын медициналык уюмду камсыздап келет.
Суранычтардын көлөмү өсүп жатканы жана сактоо шарттарында эл аралык стандарттарга жооп берүү муктаждыгы логистикалык базаны чыңдоону талап кылууда.
Фармацевтикалык инфраструктураны өнүктүрүү алкагында, мурдагы «Айдан Фарма» заводу жайгашкан аймактан жалпы аянты 2000 м² болгон кампа жайлары ишкананын карамагына берилди. Учурда бул жерде капиталдык оңдоо иштери жүрүп, кампаны “дистрибьюторлуктун мыкты тажрыйбаларына” (GDP) ылайык келтирүү үчүн модернизация иштери башталды. Замандын талабына ылайык муздаткыч жабдуулар, видео байкоо системалары, сенсордук көзөмөл жана кеңсе бөлмөлөрү менен кошо күзөт кызматы уюштурулат.
Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттин колдоосу жана Президент Садыр Жапаров жетектеген өлкө башчысынын саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан туруктуу саясаты өбөлгө түздү. Дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, камсыздоонун туруктуулугу жана сатып алуулардагы ачыктык — мамлекеттик деңгээлде белгиленген негизги максаттардын бири болуп эсептелет.
«Борборлоштурулган кампанын курулушу — жөн гана имарат эмес, бул стратегиялык мааниге ээ ресурс. Ал бизге логистиканы жакшыртып, дарыларды туура сактоо жана өз убагында жеткирүүнү камсыз кылууга жардам берет. Биз сатып алууларда системалуу жана ачык мамилени калыптандырууга аракет кылып жатабыз», — деп белгиледи Талант Султанов.
ГП «Кыргызфармация» түзүлгөн күндөн бери дары-дармектерди ортомчуларсыз, түздөн-түз сертификатталган өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу моделин колдонуп келет. Бул ыкма ашыкча ортомчуларды жокко чыгарып, ири көлөмдөгү партияларды түзүүгө жана түз келишимдерди түзүүгө шарт түзөт. Натыйжада сатып алуулар кыйла арзан жана сапаттуу болот.
2026-жылга карата мамлекеттик медициналык мекемелерден дары-дармектерге болгон муктаждык боюнча алдын ала заявкаларды чогултуу башталды. Бул сатып алуулардын көлөмүн так пландап, камсыздоодогу үзгүлтүккө жол бербөөгө мүмкүндүк берет.
«Биздин алдыбызда так коюлган мамлекеттик тапшырма бар — медициналык мекемелерди сапаттуу жана өз убагында дары-дармек менен камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө биз логистика, сатып алуулар жана эл аралык өнөктөштүк багытында жаңы деңгээлге чыгууга бардык негиздерге ээбиз», — деп кошумчалады ишкананын жетекчиси.
