Кыргызстан ЕККУ менен калыптанган алакаларды арттырууга кызыкдар
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Роговду кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууда ЕККУ менен Кыргызстандын кызматташтыгына байланышкан бир катар маселелер талкууланып, анын ичинен Жогорку Кеңеш менен аталган уюмдун Бишкектеги Программалык кеңсесинин ортосунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз болду.
Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев Кыргызстан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюму менен калыптанган алакаларды арттырууга кызыкдар экендигин белгиледи.
“Эгемендүүлүк алган жылдардан бери биз Европа өлкөлөрү менен тыгыз иш алып барып келебиз. Андыктан, байланыштарды дагы кеңейтип, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жааттагы кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүүбүз кажет. Бишкектеги Программалык кеңсе уюм менен биргелешип жасалып жаткан долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашуусуна көмөкчү болот деген терең ишеничтемин”, – деди ал.
Ошондой эле Төраганын орун басары парламенттин ишин жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу сөз кылып, быйылкы жылдын иш планы боюнча ой бөлүштү.
Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Алексей Рогов Жогорку Кеңеш менен түзүлгөн кызматташтык планыны боюнча маалымат берип, андагы айрым негизги маселелерге токтолду.
