Баткендин чек ара аймактарындагы жашоочуларга түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө
Баткендин чек ара аймактарындагы жашоочуларга түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө, деп билдирет облустук милициянын маалымат кызматы.
Милициянын билдирүүсүнө караганда, Баткен РИИБдин Көк-Таш милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери “Үй-бүлө” аталышындагы алдын алуу иш-чарасынын өткөрүүдө. Анын алкагында Ак-Сай айыл аймагындагы Орто-Боз, Көк-Таш, Миң-Булак жана Миң-Өрүк айылдарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш-чаранын негизги максаты — акыркы коңгуроо иш-чарасында коопсуздукту камсыздоо, жаш балдарды көлмөлөрдөн, дарыялардан сактоо, үйлөрдө жана коомдук жайларда майрамдык кечелерди уюштурбоого чакыруу жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу болду.
Жергиликтүү тургундарга тиешелүү эскертүүлөр жана маалыматтар берилди.
