«Кара-Балта» көмөк чордонунда оңдоо иштери 70%га аяктады
2 сентябрь

«Кара-Балта» көмөк чордонунда оңдоо иштери 70%га аяктады

Энергетика министрлигинин тармакты жаңылоого, модернизациялоого багытталган иш пландарынын алкагында, 220/110/10 кВ «Кара-Балта» көмөк чордонунда алдыдагы күз-кыш мезгилине карата оңдоо иштери 70 пайызга аяктады.

"КУЭТ" ААКнын филиалы Чүй электр тармактар ишканасынын Көмөк чордондор кызматынын электр куроочулары тарабынан «Кара-Балта» көмөк чордонунда 7 даана жабдууну капиталдык оңдоо, 87 даана жабдууну техникалык тейлөөдөн өткөрүү пландаштырылган.

Учурда келе жаткан кыш мезгилине карата даярдык 70 пайызга аткарылып бүттү. Калган 30 пайыз даярдыкиштери 1-ноябрга чейин аяктайт.

Мындан тышкары реконструкциялоо иштеринин алкагында Т-2 жана С фазаларында 220 кВ киргилерди алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.

Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жана керектөөчүлөрдү сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жасалууда.


Маалымат үчүн: 220/110/10 кВ «Кара-Балта» көмөкчордондун курулушу 1974-жылы башталып, 1976-жылы кубаттуулугу 63000 кВА болгон автотрансформатор менен эксплуатацияга берилген. Азыркы учурда көмөкчордондо кубаттуулугу 125000 кВА 3 автотрансформатор, 110 кВ тарапта 7 линиясы жана 220 кВ тарапта 3 линиясы орнотулган. Көмөк чордонду тейлеген персоналдын саны 13 адамды түзөт.