2024-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты делген соттор жана судьялар аныкталды
18 февраль

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты делген соттор жана судьялар аныкталды

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда Жогорку соттун Пленуму болуп өттү.

“Өкүнүчтүүсү, айрым аймактарда жокко чыгарылган соттук чечимдердин көрсөткүчү жогору бойдон калууда. Бул айрым судьялар материалдык жана процессуалдык укуктун талаптарын толук эске албай жатканын көрсөтөт. Мындан улам, ишинин көрсөткүчү төмөн болгон судьяларды окутууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Окутуудан жарым жыл өткөндөн кийин, аларды кайрадан статистикалык маалыматтардын негизинде баалоо сунушталат. Эгерде сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапаты кайрадан төмөн бойдон калса, тиешелүү чаралар көрүлүп, анын ичинде кызмат ордуна шайкештиги боюнча маселе көтөрүлүшү керек, - деди Медербек Сатыев.

Бирдиктүү сот практикасынын жоктугу айрым чечимдердин дал келбей калышына, укуктук аныктамалардын бүдөмүк болушуна жана натыйжада, жарандардын сот тутумуна болгон ишениминин төмөндөшүнө алып келүүдө.

Бирок, жоопкерчилик менен иш алып барып, тийиштүү шарттарга карабай жогорку көрсөткүчтөргө жетүүгө аракет кылган судьялар да бар экендигин айтты.

Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен, бир нече критерийлерге таянып, эң мыкты облус катары Баткен облустук соту, ал эми эң мыкты райондук сот деп Ат-Башы райондук соту тандалгандын төрага маалымдады.

Ошону менен катар, Нарын облустук сотунун жетекчилигин да өзгөчө белгилеп, алардын кемчиликтерди ыкчам жоюп, кызматтык сапар учурунда берилген тапшырмаларды тийиштүү деңгээлде аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Эң мыкты судьялар боюнча, комиссия 2024-жылдын жыйынтыгы менен эң жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен үч судьяны аныктаган. Биринчи орунда Ат-Башы райондук сотунун судьясы Абдисаматов Гайратбек Абдиладыевич, экинчи орунду Ош шаардык сотунун судьясы Асанова Чолпон Карыпбековна, ал эми үчүнчү орунду Кызыл-Кыя шаардык сотунун төрагасы Дарманкулов Манасбек Маширапович аныкталды.

Аталган судьялар 2025-жылдын 5-мартында Судьялардын XIII Курултайында салтанаттуу түрдө сыйланышат.