Сел жүрөт! ӨКМ кайрадан чукул билдирүү таратты
www
30 июнь

Сел жүрөт! ӨКМ кайрадан чукул билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайрадан чукул билдирүү таратып, тоолуу аймактарда сел коркунучу тууралуу эскертти. 

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 1-июлунан 5-июлуна чейин туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Буга байланыштуу министрлик жарандарды сак болууга чакырды.