Кыргызстандын социалдык мекемелелерине фонд кантип жардам берүүдө
Социалдык жардам азык-түлүк, кийим-кече же акчалай төлөмдөр менен эле чектелбейт. Айрым учурда эски кир жуугуч машинаны алмаштыруу, интернатты ысык суу менен камсыз кылуу же узакка созулган реабилитация үчүн керек керебет коюу маанилүү болот. Так ушундай маселелерди Кыргызстанда «Эл-Ди-Эс Черитиз» коомдук кайрымдуулук фонду чечип келет.
Буга айкын мисал - Бишкектеги азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына көрсөтүлгөн жардам. Жергиликтүү кир жуучу жайда көптөн бери советтик мезгилден калган жабдуулар колдонулуп келген. Фонд мекемеге кир жуугуч жана кургаткыч машиналарды, үтүктөө системасын, керебеттерди жана төшөнчүлөрдү тапшырды.
Интернатта 228 бала тарбияланат. Алардын 110у Брайль системасы менен окуйт жана жазат. Тарбиялануучулардын арасында жетимдер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана алыскы райондордон келгендер бар. Оңдолуп-түзүлгөн кир жуучу жай, таза шейшептер жана ыңгайлуу керебеттер алардын жашоосу жана окуусу үчүн зарыл шарттар болуп саналат.
250 адам жашаган Токмок психоневрологиялык интернатынын алты корпусуна күн суу жылыткыч системасы орнотулду. Техника ишке киргизилгенден кийин мекеменин электр энергиясына кеткен чыгымдары 70 пайызга кыскарды. Ысык суу менен камсыздоодо электр энергиясына болгон көз карандылык азайды. Жабдуулар күн сайын колдонулат, ошондуктан интернат каражатты туруктуу үнөмдөп, үнөмдөлгөн ресурстарды башка муктаждыктарга багыттай алат.
Өлкөнүн башка социалдык объектилери да жаңы техника алышты. «Эл-Ди-Эс Черитиз» угуусу начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына өнөр жайлык кир жуугуч жана кургаткыч машиналар, ошондой эле үтүктөөчү жабдууларды берди.
«Келечек» майып балдарды реабилитациялоо борбору физиотерапиялык аппараттар жана тиричилик техникалары менен толукталды.
Жайыл психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине күн панелдери, суу жылыткычтар жана кир жуучу жабдуулар тапшырылды.
210 адам жашаган “Үмүт үйү” карылар жана майыптардын социалдык-стационардык мекемеси өнөр жай ашкана техникасын алды. Эми кызматкерлерге күн сайын мекеменин көп сандаган жашоочулары үчүн тамак даярдоо жеңилдеди.
Ак-Суудагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын реабилитациялык бөлүмүнө 70 керебет берилди. Бул жерде Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан церебралдык шал оорусу менен ооруган балдар дарыланып, калыбына келишет.
Бишкектеги балдарды реабилитациялоо жана үй-бүлөнү колдоо борборуна фотолампа, жаңы төрөлгөн балдардын билирубин деңгээлин аныктоочу прибор, мончо-жуунчу жай жана компьютерлер өткөрүлдү.
Ар бир мекеменин өз муктаждыгы бар. Бирөөсүнө күн сайын чоң көлөмдөгү кирлерди жууш үчүн кир жуучу жай керек. Дагы бирине тыкан ашкана, ысык суу же узак мөөнөттүү дарылануудагы балдар үчүн керебеттер зарыл. Ошондуктан "Эл-Ди-Эс Черитиз" жардам тизмесин ар бир конкреттүү учурдагы реалдуу шарттардан улам аныктайт.
Балдар, карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн тиричилик шарттары дарылоо жана реабилитациянын бир бөлүгү болуп калат. Таза шейшептер, ысык суу, ыңгайлуу керебет жана иштеп турган техника кам көрүүнүн сапатына түздөн-түз таасир этет. Бул кадимки нерселер болбосо, жакшы адис да өз ишин толук аткара албайт.
