Ак-Суудагы “Ала-Тоо Резорт” курортуна барчу жолду куруу иштери жүрүүдө
25 сентябрь

Ак-Суудагы “Ала-Тоо Резорт” курортуна барчу жолду куруу иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” курортуна барчу жолду куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Бүгүнкү күндө Жыргалаң айылынан курортко кеткен 8,5 чакырымдык жолдо жер жумуштары, кеңейтүү, тегиздөө, ныктоо иштери аткарылып, иш ыргагы 2 сменде уланып жатат.

Жол курулуш иштерине министрликке караштуу № 11 Жол тейлөө ишканасы тартылып, каражат мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен бөлүнүп берилүүдө.

Быйылкы жылы жер жумуштары менен жолду кеңейтүү иштерин аткаруу каралса, 2026-жылдын күз айларына чейин жолдун негизин даярдап, асфальт төшөөнү аткаруу пландалган.