Бишкекте 12 млн сомдук психотроптук заттардын алынды
30 июнь

Бишкекте 12 млн сомдук психотроптук заттардын алынды

«Канал-Янтарь жээги» аталышындагы баңгизаттарга каршы эл аралык операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери ири өлчөмдө психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.

Бишкек шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери 2005-жылы туулган А.М., 2004-жылы туулган М.К.А., 1985-жылы туулган Ц.А.В. жана 1998-жылы туулган Н.К.Н. аттуу жарандарды кармашты. Тергөөдө алардын дарыгердин тиешелүү рецептисиз көзөмөлдөнүүчү психотроптук заттарды жана күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатып жүрүшкөнү аныкталган.

Андан аркы ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө алынган көрсөтмөлөрдүн негизинде кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары 1972-жылы туулган Г.Т.Д. аттуу жаран аныкталды.

Анын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда «П» препаратынын 8 551 даанасы, «Т» препаратынын 7 687 флакону, «Г» препаратынын 1 707 даанасы, ошондой эле кылмыштуу аракеттен түшкөн деп болжолдонгон 2 миллион 450 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты алынды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган психотроптук заттардын болжолдуу жалпы баасы 12 миллион сомго жакын экендиги аныкталды.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо жана бул кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.