КР ТИМ башчысынын орун басары Европа Бирлигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушту
25 январь

КР ТИМ башчысынын орун басары Европа Бирлигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушту

2025-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле жакын арада биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу пландарын талкуулашты.

Медер Абакиров Европа Бирлиги менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргыз Республикасы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Мэрилин Йосефсон өз кезегинде Европа Бирлигинин Борбордук Азия региону менен мамилелеринде Кыргыз Республикасынын маанилүү ролун баса белгилеп, өз ара аракеттешүүнүн мындан ары бекемделишине ишенимин билдирди.

Тараптар активдүү диалогду улантуу жана регионду өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча макулдашышты.