Ош шаарында Грибоедов көчөсүн кеңейтүү иштери башталды
Ош шаарынын мэринин тапшырмасы менен Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүн бириктирген Грибоедов көчөсүн кеңейтүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда белгиленген аймакта жолго тоскоол жараткан тосмолорду алуу иштери жүрүп жатат.
