Бишкекте тергөөчүгө пара берген деп шектелген адвокат кармалды
10 август

Бишкекте тергөөчүгө пара берген деп шектелген адвокат кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жана Кыргыз Республиканын ИИМдин Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматы кызматкерлери тарабынан пара берүүгө шектүү жаранды кармашты.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин жетекчилигине билдирме менен Свердлов РИИБдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү кайрылган. Анда, А.С., атту жарандын үстүнөн алдамчылык фактысы боюнча жүргүзүп жаткан кылмыш ишин бурмалап, кылмыш жоопкерчиликтен бошотуп берүү максатында, Л.С., аттуу жактоочу пара сунуштаган.

Пара сунуштоо фактысы менен 2025-жылдын 1-август күнү Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 345 -беренесине (Пара берүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

2025-жылдын 7-август күнү Свердлов РИИБдин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек шаары боюнча Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, анын жүрүшүндө 1962-жылы туулган Л.С., аттуу жактоочу Бишкек шаарынын Тергөө кызматынын бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө 144 миң акча берип жаткан жеринен кармалган.

Мындан тышкары, алдамчылык фактысы боюнча жогоруда көрсөтүлгөн А.С., аттуу жаран Кыргыз Республикасын КЖПКнын 96-беренесине ылайык БШИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.