Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы Долон Сакмаматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
25 январь

Улуттук госпиталдын бөлүм башчысы Долон Сакмаматов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Үстүбүздөгү жылдын 25-январында 57 жаш курагында Улуттук госпиталдын хирургиялык гастроэнтерология бөлүмүнүн башчысы Сакмаматов Долон Мамытович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Улуттук госпиталдан кабарлашты.

Дөлөн Сакмаматов өзүнүн эмгек жолунда ал жогорку квалификациялуу адис, медицина илимдеринин кандидаты жана өз ишинин чыныгы кесипкөйү катары таанылган.

Ал медицина илиминин жана практиканын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп, көптөгөн өмүрлөрдү сактап калган. Ал өзүнүн кесипкөйлүгү, боорукердиги жана адамдык бийик сапаттары менен кесиптештери менен бейтаптарынын терең урмат-сыйына арзыган.

Анын эмгеги мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленген. Ал Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги наамына татып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын ардак грамоталары менен сыйланган.

Анын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдөгү жана бейтаптардын саламаттыгына кам көрүүдөгү салымы аны тааныган жана аны менен иштешкен адамдардын эсинде түбөлүк сакталат.

Улуттук госпиталдын жамааты Долон Мамытовичтин жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.