Ысык-Көл облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы жана курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды
Коррупциялык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Корумду айылына таза суу түтүктөрүн куруу долбоору боюнча иштерди аткарууда бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана ысырап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.А.Э. жана «Ысык-Көл курулуш Сервис» ЖЧКсынын директору Ж.Ж.А. кармалды.
Алсак, 2018-жылдын 29-августунда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл аймагынын Корумду айылына таза суу түтүктөрүн курууга Ысык-Көл облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы менен «Ысык-Көл Курулуш Сервис» ЖЧКсынын ортосунда 59 584 933 сом суммага келишим түзүлгөн. Кийинчерээк келишимдин жалпы суммасы кошумча келишимдерди эске алуу менен 83 711 287 сомду түзгөн.
Мында аткарылган иштердин актылары боюнча ашыра көрсөтүү 6 433 328 сомду түзгөн. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун ККБ тарабынан "Ысык-Көл Курулуш Сервис" ЖЧК эсебине ырастоочу документтери жок 7 801 950 сом суммасындагы акча каражаттары которулган.
Мындан тышкары, курулуш иштери сапатсыз аткарылган, буга байланыштуу долбоор бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек жана пайдаланууга берилген эмес.
Ошентип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча С.А.Э. жана Дж.Ж.А. Каракол ШИИБдин УКЖсына киргизилди. Учурда кылмыш ишинин алкагында бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
