Ошто куткаруучулар эт туурагычка колун кыпчып алган жаранды куткарды
2 сентябрь

Ошто куткаруучулар эт туурагычка колун кыпчып алган жаранды куткарды

Ошто куткаруучулар эт туурагычка колун кыпкып алган жаранды куткарышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн Ош облустук ооруканасында 2006-жылы туулган Д.М. аттуу жаран эт туурагычка колун кыпчып алгандыгы тууралуу билдирүү ӨКМдин 112 кызматына түшкөн.

Кырсык болгон жерге Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен жабырлануучунун колун эт туурагычтан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришти.

Жабырлануучу учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.