Бишкекте Кыргызстан менен Катардын ортосундагы алгачкы консулдук консультациялар өттү
2 сентябрь

Бишкекте Кыргызстан менен Катардын ортосундагы алгачкы консулдук консультациялар өттү

Бишкекте 2-сентября Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин ортосунда биринчи консулдук консультациялар болуп өттү. 

Кыргыз Республикасынын делегациясын Кыргыз Республикасынын ТИМинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми Катар Мамлекетинин делегациясын Катар Мамлекетинин ТИМинин Консулдук департаментинин директору Мухаммед бин Абдулла Аль-Субаи жетектеди.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелерди талкуулап, консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.

Өзгөчө көңүл келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө жана Ардактуу консул институтун ачууга бурулду. Консультациялардын маанилүү темаларынын бири эки мамлекеттин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле алардын эки өлкөнүн аймактарында жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз жана үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга даяр экендигин билдиришти.