Жалал-Абадда мыйзамсыз алкоголдук продукцияны өндүрүп жүргөндөр аныкталды
Мамлекеттик салык кызматкерлеринин Жалал-Абад шаарында жүргүзүлгөн рейддик көзөмөлүнүн жүрүшүндө, айына 1 тоннадан ашык көлөмдө алкоголдук продукция (самогон) өндүргөн объект аныкталды.
Текшерүүнүн натыйжасында, андан ары сатуу үчүн даярдалып жаткан 29 челек (5200 литрге жакын) алкоголдук продукция табылган.
Жеринде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери чакырылып, тиешелүү процессуалдык иш-аракеттер жүргүзүлдү. Объектке шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мөөр басылды.
Салык кызматы эскертет: уруксат документтери жок алкоголдук продукцияны өндүрүү, сатуу мыйзамды одоно бузуу болуп саналат жана аракеттеги мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
