Музыка изилдөөчү Жамила Маматова мезгилсиз дүйнө салды
21 май

Музыка изилдөөчү Жамила Маматова мезгилсиз дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  музыка изилдөөчү, Улуттук маданияттын жана Улуттук телерадиокорпорациясынын өнүгушүнө зор салым кошкон Маматова Жамила Казакбековна мезгилсиз дүйнө салды.

Маматова Жамила Казакбековна 1957-жылы 27-октябрда Ысык-Көл районуна караштуу Таштак -азыркы Жаркынбаев айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.     

1964-1973-жылдары  Таштак орто мектебинде окуган. 

1973-жылы Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы  музыкалык- хореографиялык окуу жайга тапшырып, “Музыканын теориясы жана тарыхы” адистиги боюнча  Республикага белгилүү музыковеддер: А. Г. Кузнецов, В.М. Хаустов, В. В. Кузнецовдон окуган.
1978-1982 ж.ж Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Искусство  Институтунун  “Фортепиано, теория, композиция”  факультетин аяктап “Музыка таануучу, окутуучу” адистигине ээ болот.

Москва консерваториясынын сынчысы  А. И. Пантелирейз дипломдук иштин жетекчиси болгон. Искусство таануу илимдеринин доктору К.Ш. Дүйшалиев “Кыргыз музыкасы”, күүлөрдү, ырларды нотага түшүрүү боюнча, В. Ф. Васильев – “Музыканын анализи”, Т. М. Склютовская  “Современная музыка”, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,  композитор А.Мурзабаев  “Инструментовка”, белгилүү музыка сынчысы, композитор Т. Саламатов – полифониядан, Елена Каверина - фортепианодон  окуткан.

1987-жылы  конкурстук негизде Кыргыз Улуттук телерадиокорпорациясынын  телекөрсөтүүлөр боюнча  Музыкалык  Программалар Башкы редакциясынын редактору,
1991-ж. Телекөрсөтүүлөрдүн көркөм-өнөр Башкы  редакциясынын ага редактору,  
1993-ж. Телекөрсөтүүлөрдүн музыкалык  Башкы редакциясынын баяндамачысы ,

1994-ж. Телекөрсөтүүлөрдүн музыкалык  Башкы редакциянын Бөлүм башчысы,
1996-жылы Кыргыз радиосунун  Музыкалык Программалар Башкы Редакциясынын Башкы редактору,
1997-2003-жж. “Ибарат” чыгармачылык- өндүрүштүк бирикмесинин продюсери.
2009-2016-жж.  “Кыргыз радиосунун” Башкы Редакторунун орун басары

2015- ж.”Алтын казына” илимий борборунун директору.  

Кыргыз телевидениесинде музыка жаатында биринчи  автордук “ Сыбызгы” тележурналын ачып, музыка таануучулук, изилдөөчүлүк жолун көрсөтүп, элдик музыкадан тарта профессионалдык искусствонун бийик  үлгүлөрүн: салттуу музыка, опера, балет, симфония, оратория, поэма, ыр, романс ж.б. ар кандай жанрларын элге таанытат. “Музыкалык жолугушуу”, “ Элдик күүлөр жана аспаптар”, “Симфония дүйнөсүндө”, “Камералык музыкадан концерт”,”Кыргыз искусство чеберлери” сыяктуу  телекөрсөтүүлөрдү жогорку деңгээлде даярдап, алып барды. Кыргыз радиосунда “Тоолуктар добушу”, “Рух дөөлөтү”, “Радиофестиваль”,  “Камертон”, “Музыкалык жолугушуу”,” Музыкалык мозаика”, “Кыргыз композиторлорунун чыгармалары”, “Обончулардын  чыгармалары”, “Асылдар Ааламы”,”Муз Обо”, “Түз эфирдеги жолугушуу”, “Театр-коом күзгүсү”, “Бүгүнкү музыка”, “Маданият” радиожурналы,  “Бейне” сыяктуу долбоорлорду ачып, эфирге даярдады. “Тоолуктар добушу” уктуруусунда эл арасынан чыккан таланттарды жер-жерлеринен жазып, Радиофестивалды уюштуруп элдик музыканын өсүшүндө жаңычалыкты киргизген. Кыргыз профессионалдык музыкасын таанытып , жайылтууда жана сактоодо “Алтын казына” илимий борборунун негизделишине опол -тоодой эмгеги элдин эсинен кетпейт.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн 21-май күнү саат 10:00до Бишкек шаарындагы Арча-Бешик конушунда Кереге-Тоо 40 дарегинде өтөт.