Дастан Жумабеков мигранттарды мекенине чакыруу боюнча программа иштеп чыгууну сунуштады
Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар комитетинин жыйынында эмгек министри кызмат ордуна Канат Сагынбаевдин талапкерлиги каралды.
Депутат Дастан Жумабеков бүгүнкү күндө Кыргызстанда жумуш орундары көбөйгөнүнө карабай, аны чет элдиктер ээлеп, а өзүбүздүн жарандар башка элде иштеп жүргөнүн кейиш менен белгиледи.
“Азыр айылдарга барсаң мал багып жүргөн башка өлкөдөн келгендер, жол курууда башка өлкөлүктөр, курулушта да, тигүү тармагында да алар. Бизде жумуш орундары көбөйүп жатат, завод-фабрикалар ишке кирүүдө. Бирок жарандарыбыздын көбү тышта жүрүшөт. Балким, алар азыр деле Кыргызстанда жумуш жок, айлык акы аз деп ойлоп жатышкандыр”, – деди депутат.
Ал Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өлкөдө жумуш орундары көбөйүп жатканын чет жактагы мекендештерге жеткирүү боюнча программа иштеп чыгууну сунуштады.
“Ушул боюнча иш алып барыңыздар, чет жактагы жарандарыбызды чакыралы, Кыргызстандагы жумуш орундары, айлык акы канча экенин, кайсы тармакта канча бош орун бардыгын – баарын ачыктап, ММКларга таратыңыздар. Өзүбүздүн жарандар кыйналганы кыйналып, кор болгону кор болуп башка жакта жүрөт, а бизде чет элдиктер иштеп жатат”, – деди Жумабеков.
Ошондой эле, ал “Социалдык контракт” тууралуу айтты:
“Мамлекеттик жакшы программа ишке ашкан экен, көптөгөн жарандардын жакырчылыктан чыгуусуна мүмкүнчүлүк берди. Айылга барсам, бири уй алып, сүтүн саап ичип жатат, бир киши кооператив ачып, жакшы ийгиликке жетиптир. Мына, ушундай программаларды да өнүктүрүү керек”.
