Депутат Казакстанда кулчулукта жүргөн кыргызстандыктарды мекенине алып келүү маселесин көтөрдү
2 сентябрь

Депутат Казакстанда кулчулукта жүргөн кыргызстандыктарды мекенине алып келүү маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар боюнча комитети эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна Канат Сагынбаевдин талапкерлигин карады. 

Депутат Чыңгыз Ажибаев болочок министрге үч негизги маселени айтты. 

“Аймактарга барганыбызда жарандар көбүнчө жөлөкпул маселесин көтөрөт. Майыптуулугу бар жарандар үчүн жөлөкпул берүүдө талаптар бар эмеспи. Ошол талаптарды жеңилдештирүүгө болобу?” – деп сурады депутат. 

Ошондой эле, Россиядагы кыргызстандык мигранттар менен тыгыз иштешүүнү сунуштады. Ал жакта мыйзам катаалдашкандан кийин кыргызстандыктар балдарын бала бакча, мектепке орното албай жатканын айтып, бул боюнча ыкчам иштерди алып баруу керектигин эске салды. 

“Биринчи иш сапарыңызды Россия жергесинен баштаңыз”, – деп дагы сунуштады. 

Үчүнчү маселе – Казакстандагы кулчулук болду. Депутаттын айтымында, бир нече жыл мурда кыргызстандыктар Казакстанга миграцияга кетишкен, алардын көбү кулчулукка кабылган жана бул ушул убакка чейин уланууда. 

“Сиз ошондой кулчулукта калып кеткен жарандарды куткарыңыз. Жок дегенде 3-4 жаранды алып келсеңиз да, бул чоң жеңиш”, - деди Ажибаев. 
Канат Сагынбаев майыптуулугу бар жарандар үчүн комиссиядан өтүү токтомдун негизинде категориясына жараша 4,5,7 жылга узартылганын билдирди.