Кыргызстанда эң көп өлүм кан айлануу системасынын ооруларынан улам болууда
13 июнь

Кыргызстанда эң көп өлүм кан айлануу системасынын ооруларынан улам болууда

Кыргызстанды калктын саны 2025-жылдын 1-майына карата 7,3 миллион адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жанара Мааткулова маалымат жыйынында билдирди. 

Айтымында, калктын санынын жогорку өсүшү Бишкек жана Ош шаарларында байкалса, төмөнкү көрсөткүч – Нарын жана Ысык-Көл облустарында. 

“Калктын санынын өсүшүнө республикада жүргүзүлүп жаткан административдик-территориялык реформа таасир этти. Кыргызстан – КМШ өлкөлөрүнүн арасында калкынын саны көбөйүп жаткан өлкөлөрдүн арасына кирди”, – деди ал. 

Ошондой эле, ал белгилегендей, калктын санына анын табигый өсүшү олуттуу таасирин тийгизет. Бул – белгилүү мезгилдеги тирүү төрөлгөн жана өлүү төрөлгөн ымыркайлардын арасындагы айырма. 

2024-жылы ымыркайлардын төрөлүшү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 3,8 пайызга азайган. Ал эми өлүм көрсөткүчү өлкөдө көп жылдан бери туруктуу бойдон кармалууда. 

Мааткулованын айтымында, 2024-жылы өлүм себептеринин арасынан башкы орунга – кан айлануу системасындагы бузулуулар чыккан – 52,2 пайыз. Онкологиялык оорулар – 13,7 пайыз. Табигый эмес жабыркоо, мисалы, уулануу, ар кандай жараат алуу жалпы өлүмдүн 6,5 пайызын түзгөн. Ошондой эле дем алуу органдарынын ооруларынан каза тапкандар – 6,2 пайыз. Тамак сиңирүү органдарынын оорулары – 5,3 пайыз.