ЖК комитети Канат Сагымбаевдин эмгек министри кызмат ордуна талапкерлигин колдоду. Анын өмүр таржымалы
Бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелер боюнча комитети эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин ордуна Канат Сагымбаевдин талапкерлигин карады.
Маалым болгондой, буга чейинки министр Равшанбек Сабиров башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.
Анын ордуна Канат Сагымбаев министрдин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган.
Канат Сагымбаев 1980-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. КМУнун эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Эмгек жолун К Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштөө менен баштаган.
Андан кийин:
- Мамлекеттик миграция кызматында адис, башкы адис;
- КР Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө эксперт;
- КР Өкмөтүнүн аппаратында эксперт, бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы;
- КР Президенттик администрациясында бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы, башкы эксперт;
- Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгында эксперт, бөлүм башчы;
- Бишкек мэриясында жетекчилик кызматта иштеген.
