
Токтогул районунда сүт заводу ачылды
Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Токтогул шаарында "Ля Вуа Лакте" сүттү кайра иштетүүчү заводу ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан кабарлашты.
Ишкана заманбап жабдуулар менен камсыз болгон.
Бүгүнкү күндө сүт заводдо каймак, май, сүт, йогурт, сыр, быштак жана бал муздак продукциялары өндүрүлүп, Токтогул районун жана Кара-Көл шаарынын жашоочуларын аталган азыктар менен камсыздайт.
Завод жеке ишкер Калыйнур Сатаров негиздеген.