www
26 май
КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев иш сапары менен Нью-Йоркко барат
Үстүбүздөгү жылдын 26-майынан 3-июнуна чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Сапардын алкагында министр Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ачык дебаттарына катышат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын эл аралык демилгелерин илгерилетүүгө багытталган бир катар көп тараптуу иш-чараларга жана эки тараптуу жолугушууларга кыргыз тараптын катышуусу пландалууда.
Эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, БУУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу багыттарын илгерилетүү маселелерин талкуулоо күтүлүүдө.
