Кыргызстан менен Өзбекстан аймактарды алмашуу боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун кийинки кадамдарын макулдашты
Баткен облусунун Кадамжай шаарында жер аянттарын алмашуунун уюштуруу-техникалык маселелерин, анын ичинде алмашуу аймактарынын жашоочуларынын жарандыгын аныктоо, ошондой эле мүлктүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын биргелешкен жумушчу комиссиясынын жыйыны болуп өттү.
Биргелешкен Комиссиянын төрагалык милдетин Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция Министринин биринчи орун басары К.С. Досматов, өзбек тарабынан Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Б. Б. Кудратходжаев алып барышты.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар аймактарды алмашуу процессинин алкагында жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу маселелерин карашты жана мындан аркы биргелешкен иш тартибин макулдашышты.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын тармактык министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен жумушчу топтун курамы бекитилди.
