Бишкекке 5 кг ашык «гашиш» ташып келаткан. ИИМ шектүүнү колго түшүрдү
30 июнь

Бишкекке 5 кг ашык «гашиш» ташып келаткан. ИИМ шектүүнү колго түшүрдү

«Канал-Янтарный берег» аталышындагы баңгизатка каршы эл аралык операциянын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 1982-жылы туулган С.К.А. аттуу жаран кармалды.

Аталган жаран Токтогул районунан Бишкек шаарына ири өлчөмдөгү баңгизатты ташып бара жаткандыгы аныкталган. Кармалган жаран башкарып бара жаткан Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда ичинде «гашиш» баңгизаты салынган 10 полиэтилен баштык табылып, алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 5 килограмм 115 граммды түзгөн.

Алынган зат боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жарандарга баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү оор кылмыш болуп саналарын жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келерин эскертет. Акчалай сыйлык сунушталса да, баңгизаттарды ташууга, сактоого же сатууга байланышкан мыйзамсыз сунуштарга макул болбоого чакырат.