Чүйдө жазгы-талаа иштери башталды
24 март

Чүйдө жазгы-талаа иштери башталды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Сокулук районунда жазгы-талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышып чыкты. 

Иш-чарада Бакыт Төрөбаев президенттин тапшырмасынын негизинде ар бир айыл өкмөттө МТС түзүлүш керектигин айтты. 

"Бул мамлекетттик талап. Акимдер, айыл өкмөт башчылары ушул багытта иш жүргүзүшү милдет. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөр өздөрүнүн карамагындагы Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин ижарага берип коюп эле жан багып келишкен. Мен былтыртан бери сунуштап келе жатам, айыл өкмөттөр Мамлекеттик айыл чарба фондунун жерлерин ижарга бербестен өздөрү эл менен чогуу кооперативдерди түзүп, МТСтерди ачып иштетип, пайда тапса болот. МТС жөнөкөй элге дагы 20% арзан кызмат көрсөтүп, пайда келтирет", - деп билдирди ал.

Министр "Сокулук" мамлекеттик асыл тукум заводунун жерлерин мурда ижарага берип коюп эле жүрүшкөндүгүн айтты.

"Натыйжада, ишкана банкрот абалга жеткен. Былтыр ижарага берилген жерлерди кайтарып, ишкана өзү иштетип баштап, алгылыктуу жыйынтыктарга жетишти. Бүгүнкү күндө 5 миллион сомго пайдага чыкты. Ошондой эле, 20 миллион сомдук өзүнүн активин топтоп алды. Быйыл МТС ачтык, 8 техника келди. Жалпы 100дөн ашык айыл чарба техникалары келет", - деп белгиледи министр Бакыт Төрөбаев. 

Учурда Кыргызстан боюнча жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат.

Жалпы жазгы айдап-себүү боюнча 400 миң гектарга пландалса, бүгүнкү күндө 40 миң гектар ашык айдоо аянттары айдалып бүттү. Азыр Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында иш жүрүп жатат. Нарын, Талас, Ысык-Көлдө баштала элек.