Саламаттык сактоо министрлиги онкологиялык кызматты олуттуу реформалоону баштады
2025-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде онкологиялык кызматтын азыркы абалы жана анын өнүгүү келечегине арналган кезектеги коллегиянын жыйыны болуп өттү. Жыйында онкологиялык жардам көрсөтүү системасын чыңдоо, аны калк үчүн жеткиликтүү, сапаттуу жана натыйжалуу кылуу маселелери негизги темага айланды.
Иш-чарага Президенттин Администрациясынын өкүлдөрү, министрликтин коллегия мүчөлөрү, тармактык эксперттер, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, Улуттук онкология жана гематология борборунун (УОжГБ) жана бейтаптар коомчулугунун өкүлдөрү катышты.
Негизги баяндаманы Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева жасап, онкология жаатындагы азыркы кырдаалга кеңири талдоо берди. 2024-жылы Кыргызстанда 6 651 жаңы рак оорусу катталып, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 8,9%га көп. Ошол эле учурда бейтаптардын 40%дан ашыгы медициналык жардамга кеч кайрылып, айрым аймактарда бир жыл ичинде каза болуу деңгээли 40%дан жогорулаган. Жалпысынан өлкө боюнча 5 жылдык жашап кетүү көрсөткүчү 34,2%ды түзөт.
Жыйындын жүрүшүндө бир катар негизги системалуу көйгөйлөр белгиленди: эскирген ченемдик-укуктук база, ооруканалардын керебеттерин жана жабдууларын натыйжалуу эмес пайдалануу, дары-дармек менен камсыздоодо ачык-айкындуулуктун жоктугу, эсепке алуу жана маршрутизациялоо боюнча санариптик чечимдерди ишке ашыруунун төмөндүгү, профилактикалык иштердин начардыгы, БМСЖ дарыгерлеринин онкология боюнча сергектиктин жоктугу жоктугу.
Министр Эркин Чечейбаев бул көйгөйлөрдү чечүүдө ыкчам жана олуттуу реформалар керектигин белгилеп, мындай деди:
«Онкологиялык жардам эскиче ыкмалардын туткунунда болбошу керек. Биз ар бир бейтап өз убагында, сапаттуу жана жеткиликтүү жардам ала турган системаны түзүүгө милдеттүүбүз», – деди министр.
Талкуунун жыйынтыгында төмөнкү багыттар сунушталды:
- 2026–2030-жылдарга карата Онкологиялык кызматты өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу, анын ичинде так көрсөткүчтөрдү аныктоо;
- Нормативдик-укуктук базаны кайра карап чыгуу, эл аралык клиникалык протоколдорду мыйзамдаштыруу;
- Онкологиялык жардам көрсөтүүдө санариптик чечимдерди киргизүү;
- Кадрдык потенциалды бекемдөө, анын ичинде бюджеттик негизде адистерди даярдоо;
- БМСЖ деңгээлинде онкологиялык сергектикти жана алдын алуу иштерин күчөтүү;
- Телемедициналык консилиумдарды ишке киргизүү жана паллиативдик жардамды кеңейтүү;
- Дарыларды сатып алуу процессин аудиттен өткөрүү жана дарылоо протоколдоруна таянып оптималдаштыруу.
Министр тиешелүү ведомстволор аралык жана эксперттик топтордун ишин ыкчамдатууну, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын катуу көзөмөлгө алууну жана дарылоо натыйжаларына ачык мониторинг жүргүзүү тутумун түзүүнү тапшырды.
Онкологиялык кызматты реформалоо «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» улуттук стратегиясынын негизги бөлүгү болуп, бейтапка багытталган, адилеттүү жана туруктуу саламаттык сактоо системасын калыптандырууга өбөлгө болот.
