Ысык-Көл облусунда Канададан келген туристтер куткарылды
Бүгүн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чымынды-Сай жайлоосунда кар жаап, эс алууга чыккан туристтер түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Тоо-кен куткаруу кызматынын №7 ӨМТККВдан 3 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен барып, аталган жайлоодон Канада мамлекетинин 4 жаранын 2 эркек, 2 аял кишини түшүрүп, алардын жайгашкан жерине жеткиришкен. Абалдары жакшы.
