Келечек конушунан Үмүт конушуна чейин жаңы шаардык №24 каттам иштей баштады
Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрынан тартып Келечек конушун Үмүт конушу менен байланыштыра турган жаңы №24 автобус каттамы ишке кирди.
Мэриядан кабарлашкандай, автобустар Элебесов, Киев, Бейшеналиева жана Фрунзе көчөлөрү аркылуу жүрөт.
Эскерте кетсек, бул багытта буга чейин №224 маршрут каттап келген. Эми алардын ордуна заманбап шаардык автобустар каттамга чыгат.
Мэрия төлөм жүргүзүүдө “Тулпар” картасын колдонуп же болбосо накталай эмес төлөм менен колдонууга чакырат
