
Бишкекте Бекбосун Жайчыбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү
Бишкекте бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун ардактуу жараны, жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси Бекболсун Жайчибековдин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маркум менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев, жакындары жана замандаштары катышты.
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Эске салсак, Бекбосун Жайчыбеков 6-сентябрда 76 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.