Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчибеков каза болду — некролог
7 сентябрь

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчибеков каза болду — некролог

Кыргыз Республикасынын искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. 2024-жылдын 6-сентябрында 76 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун ардактуу жараны, жогорку мамлекеттик сыйлыктардын ээси Жайчибеков Бекбосун Карабекович узакка созулган оорудан соң каза болду.

Жайчибеков Бекбосун Карабекович 1948-жылы 27-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Корумду айылында туулган.

жылы Алматыдагы көркөм-сүрөт окуу жайын, ал эми 1982-жылы Москва полиграфия институтун аяктаган.

1983-жылдан тартып “Байчечекей”, “Мектеп”, “Кыргызстан”, “Адабият”, “Шам”, “Кут аалам” басмаларында улук көркөм редактор, башкы сүрөтчү болуп эмгектенген.

Б. Жайчибеков Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү иллюстратору болгон. Түркмөнстандын, Беларустун, Казакстандын, АКШнын, Швейцариянын китеп басмаларынын китептерин көркөмдөөгө катышып, республикалык жана эл аралык китеп көргөзмөлөрүн  жана конкурстарын жеңип алган.

Анын эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар  менен сыйланган:

– 2007-жылы Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы” жана “Маданияттын мыкты кызматкери” наамдары ыйгарылган;

– 2011-жылы “Даңк” ордени менен сыйланган;

– 2022-жылы “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү” наамы ыйгарылган.

Бекбосун Жайчибеков Мамлекеттик туунун авторлошу катары Кыргызстандын тарыхый мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Анын мамлекетибиздин символун жаратууга кошкон салымы – бул жөн гана сүрөтчүнүн эмгеги эмес, ал баарыбызды бирдиктүү түстөр жана идеялар менен бириктирген патриоттуулуктун үлгүсү.

Ал өзүнүн өнөрү жана таланты менен Кыргызстандын биримдигин, рухун жана баалуулуктарын чагылдырган символдорду түбөлүккө калтырды. Чыгармачылыгында мекенге болгон сүйүүнү туу туткан жана улуттук өзгөчөлүгүбүздүн тереңдиги менен маанисин чагылдырган.

Жайчибеков Бекбосун Карабековичтин жаркын элеси элибиздин, чыгармачыл интеллигенциянын жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып кала берет.

Анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н.Жапаров, Н.Т.Шакиев, А.У.Жапаров, С.С.Касмамбетов, А.А. Касымалиев, Э.Ж.Байсалов, М.М.Иманкулов, А.А.Максутов, М.Ш.Шеримкулов, А.Дж.Джунушалиев, У.Э.Далиев, Ч.Эсенгул уулу, Т.М.Ажымалиев, Г.К.Абдыкалыкова, М.Т.Тагаев, Ж.Д.Джунушев, Ж.Матаев, С.М.Дубанаев, Т.Курманов, Т.С.Усубалиев, М.С.Мамбетов  ж.б.