Кыргызстан менен Финляндиянын бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды
17 февраль

Кыргызстан менен Финляндиянын бажы кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын имаратында 14-февралда МБКнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларынын Казакстандагы Финляндия бажысынын байланыш офицери Антти Луукконен менен жолугушуусу болуп өттү.

Эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Эки өлкөнүн бажы кызматтарынын институционалдык жана кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө, санариптик процесстерди киргизүү боюнча тажрыйба алмашууга жана укук коргоо бөлүмдөрүнүн ортосунда маалымат алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле окуу борборлорунун ортосунда бажы органдарынын кызматкерлерин, анын ичинде кинологиялык бөлүмдөрдүн адистерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча эл аралык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгү каралды.

Тараптар бажылык башкаруу тармагында мындан аркы кызматташууга жана өнөктөштүктү бекемдөөгө даярдыгын ырасташты.