Өзбекстандын Тышкы иштер министри Кыргызстанга келет
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусунун негизинде Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов 2025-жылдын 30-31-июлунда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келет. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү өтөт, анын жүрүшүндө кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле келечектеги биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланат.
