Депутат аты булганып калган “тендер-байларды” аныктоочу механизмдерди иштеп чыгууну сунуштады
www
26 май

Депутат аты булганып калган “тендер-байларды” аныктоочу механизмдерди иштеп чыгууну сунуштады

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Уланбек Жаанбаев терс иштери менен белгилүү болгон айрым ишкерлер дагы деле мамлекеттик сатып алууларда ийгиликтүү иштеп жатканын айтты. 

Ал Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жетекчиси Бек Абдырахмановдон ак ниет эмес заказ аткаруучуларды кантип аныкталарын сурады. 

“Атын атабай эле коеюн, Ош шаарында бир фирма бар. Жетекчилиги туура эмес иштери менен аты булганып калган. Бирок мамлекеттик сатып алууларга катышып, тендерлерден утуп, миллиарддаган сомдук заказдарды аткарып эле жүрөт. Бир жагынан туура эмес иштерди жасап жатат, экинчи жагынан мамлекеттик заказдарды аткарууда с аларды аныктоого, кандайдыр бир чектөө коюуга болобу?” – деди ал. 

Бек Абдырахмановдун айтымында, ак ниет эмес заказ аткаруучулардын базасы бар, алар заказды талаптагыдай аткарбаса, анда заказ берүүчү аталган департаментке кайрылат жана анын арызы комиссия тарабынан каралат. 

“Эгер комиссия туура деп тапса, анда заказ аткаруучу базага 2 жылга киргизилет. Мындан соң ага башка сынактарга катышууга жол жабылат”, – деди ал. 

“Учурда эң тез байып жаткандар – булар “тендер-байлар”. Жол салууда болобу, курулуштабы, бир жагынан бир фирмасы жабылса, экинчи жагынан башка заказдарды алып иштеп жатышат. Ошондуктан мамлекет тарабынан көзөмөлдөөчү, аныктоочу механизмдерди иштеп чыксаңыздар”, – деди анда депутат.