Кыргызстан менен Руанданын ТИМ башчылары Нью-Йоркто жолукту. Талкууланган маселелер
Кыргызстан менен Руанданын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Оливье Ндухунгирехе жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Тараптардын жолугушуусу 2025-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өткөн.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, үстүбүздөгү жылдын август айында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда алгачкы саясий консультациялар ийгиликтүү өткөнү белгиленди. Ошондой эле эки тараптуу күн тартибин кеңейтүү максатында мындай консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча макулдашышты.
БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар достук байланыштарды мындан ары да чыңдоого болгон өз ара кызыкчылыгын ырасташты.
