ЖК комитети «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду
Бүгүн, 17-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзам долбоорун демилгечилери - Жогорку Кенештин депутаттары Дастан Бекешев, Винера Раимбачаева, Динара Ашимова, Чингиз Айдарбеков, Камила Талиева, Исатбек кызы Аида, Талайбек Масабиров жана Айсулуу Мамашова.
Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешев сунуштады. Анын айтымында, мыйзам долбоору 2019-жылдын 13-мартындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен ратификацияланган БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө ковенциясынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунда “майыптыгы бар адам” жана “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам” деген түшүнүктөрүн бөлүү сунуш кылынат. Бул БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын талаптары менен шартталган, анда “майыптыгы бар адам” деген терминди туура жана заманбап деп колдонууну сунушталган.
Долбоордун алкагында абилитация, эрте аныктоо жана эрте кийлигишүү, жөндүү ыңгайлаштырылган түзүлмө, универсалдуу дизайн, социалдык-тиричилик жана социалдык-чөйрө реабилитация жана абилитация, ыңгайлаштырылган жана/же атайын жумуш орундары, техникалык жардамдар, ошондой эле майыптыгы бар адамдарды уюштуруу сыяктуу жаңы терминдер киргизилген. Ошондой эле мыйзам долбооруна медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) иши боюнча МСЭКтин ишине карата негизги талаптарды чагылдырган жаңы беренелер да киргизилүүдө. «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар тууралуу маалыматтарды каттоо үчүн Бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү пландаштырылууда. Реестрди түзүү жана жүргүзүү тартибин Министрлер кабинети аныктайт", - деди Дастан Бекешев.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Айбек Алтынбеков бул мыйзам долбоорун колдоп, анын ченемдерин ишке ашыруу жана балдардын жетилүүсүндөгү мүчүлүштүктөрдү эрте аныктоо боюнча комплекстүү чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттардын маселелерин тактады. Депутат Надира Нарматова мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү механизмдерине көңүл бурду.
