Л.Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү ачык, эки бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн убактылуу жабылды
2 сентябрь

Л.Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү ачык, эки бөлүгү оңдоп-түзөө үчүн убактылуу жабылды

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Л.Толстой көчөсүнүн Асаналиев  көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Бул бөлүмдө төмөнкү иштер аткарылды:
- бордюрлар орнотулду;
- жол белгилери түшүрүлдү жана орнотулду;
- эки катмар асфальт төшөлдү.

Ошондой эле, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Л.Толстой көчөсүнүн төмөнкү тилкелери убактылуу жабылды:
- Асаналиев  көчөсүнөн Бакаева көчөсүнө чейин;
- Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейин.

Мэрия айдоочуларды жана шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.