«Электр станциялары» ААКнын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди
Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасынын негизинде, жумушчуларга ынгайлуу шарттарды түзүү, энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча бир катар иштер аткарылууда. Алардын катарында 2025-жылдын 29-августунда Кара-Көл шаарында «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун заманбап эки кабаттуу жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Буга чейин кызматкерлер эскирген имаратта иштеп келишсе, бүгүнкү күндөн тартып алар заманбап стилде салынган жаңы имаратта ишин улай башташты. Жаңы имаратта компаниянын негизги бөлүмдөрү бириктирилип, жүздөгөн кызматкерлер үчүн эмгек шарттары жакшыртылып, иштин натыйжалуулугу жогорулады.
Заман талабына жооп берген жаңы офисте диспетчерлерден тарта инженерлерге чейин кызматкерлерге бардык шарттар түзүлдү. Имаратта бүтүндөй энергетикалык системанын «мээси» болгон борбордук диспетчердик пункт жайгашкан, анда болжол менен 80–90 адис иштейт. Ошондой эле, жабдуулардын техникалык абалын көзөмөлдөөдө маанилүү роль ойногон майларды хроматографиялык анализдөө лабораториясы кайра жанданды.
Маалымат катары: жаңы имараттын жалпы аянты 1045,44 кв. метр, 2 кабаттуу. Ар бир кабатта 34 жумушчу орун бар, жалпы 68 жумушчу орун түзүлгөн. Курулуш чыгымдары толугу менен ОАО «Электр станциялары» компаниясынын эсебинен каржыланып, курулушту «Ихтир-Юг» компаниясы аткарды.
Имараттын ачылыш аземине Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, ардагерлер, «Электр станциялары» ААКнын башкы директору Алпбек Садыров, компаниянын директорлор кеңешинин өкүлдөрү жана башка чакырылган сыйлуу коноктор катышты.
