Бишкекте №1 каттамдын багыты өзгөртүлдү
2 сентябрь

Бишкекте №1 каттамдын багыты өзгөртүлдү

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тейлеген №1 каттам 2025-жылдын 2-сентябрынан баштап каттамын өзгөрттү.

Мэриядан кабарлашкандай, буга чейин автобус Жусуп Абдрахманов көчөсү менен Ала-Арча жаратылыш паркына чейин каттачу.

Эми шаар тургундарынын жана ага чектеш райондордун тургундарынын кайрылууларынын негизинде каттам Ахунбаев, Ж. Пудовкин, А.Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрү аркылуу жүрөт.