Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек-Балыкчы каттамындагы поездди таш менен урган бейбаштык факты аныкталды
29 июль

Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек-Балыкчы каттамындагы поездди таш менен урган бейбаштык факты аныкталды

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 25-июлунда белгисиз адамдар Чүй районунун аймагынан өтүп бара жаткан поездди таш менен урганы кабарланган.
Бул факт Чүй РИИБге катталып, иликтөө иштери башталган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынып ошондой эле видео камералар каралган.

Натыйжада окуяга тиешеси бар адамдар аныкталып, алар Чүй районунун 2010, 2011 жана 2013-жылы туулган үч өспүрүм экени аныкталган.

Бул иштин алкагында аныкталган өспүрүмдөр Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартуу курагына жете электигине байланыштуу тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, өспүрүмдөрдүн жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, эскертүүлөр берилди.

Чүй ОИИББ мындай аракеттер жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип, олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертет. Бейбаштык аракеттер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган.