Гүлчө айылынын шаарга айланышына депутаттар макул болушту
Жогорку Кеңеш Ош облусундагы Алай районуна караштуу Гүлчө айылына шаар макамын берүү боюнча мыйзам долбоорун колдоого алды.
КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин айтымында, Гүлчө айылы Алай районунун жана Гүлчө айыл аймагынын административдик борбору болуп саналат. Ал жерде бардык социалдык маанидеги объектилер: сот, прокуратура, 1 кесиптик лицей, 3 орто мектеп, мектеп-интернат, 5 бала бакча, оорукана, аскер бөлүгү, УКМКнын башкармалыгы, министрликтердин бөлүмдөрү ж.б. жайгашкан. Анда 12 айыл бар.
Депутаттар мыйзам долбоорун үч окууда колдоп беришти.
