Кыргызстан ядролук жана радиациялык аварияларга жардам көрсөтүү боюнча Конвенцияны ратификациялады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал учурунда жардам берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты 1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал учурунда жардам берүү жөнүндө конвенция (мындан ары – Конвенция) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы тарабынан аткаруу болуп саналат. Кабыл алынган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын конвенцияга кошулуусу каралган.
Конвенциянын максаты ядролук авариялар же радиациялык авариялык кырдаалдар келип чыкканда эл аралык координацияны жана жардамды камсыз кылуудан турат. Конвенция мындай авариялардын потенциалдуу кесепеттерин минималдаштыруу жана адамдын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында катышуучу мамлекеттердин ортосунда маалымат алмашууну, техникалык жардамды жана кызматташуунун башка чараларын карайт.
Кыргыз Республикасынын Конвенцияга кошулуусу радиациялык инциденттерге ыкчам жооп кайтаруу үчүн юридикалык негизди бекемдөөгө, калкты жана экосистеманы радиациянын таасиринен коргоо механизмдерин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Радиациялык коопсуздук жаатында натыйжалуу эл аралык стандарттарды киргизүү жарандардын ден соолугун узак мөөнөттүү коргоо жана айлана-чөйрөнү коргоо үчүн шарттарды түзөт.
Мындан тышкары Конвенциянын алкагында эл аралык кызматташтыкка катышуу өлкө үчүн алдынкы технологияларга жетүү, адистерди окутуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Бул радиациялык коопсуздук чөйрөсүндө иштеген улуттук түзүмдөрдүн квалификациясын кыйла жогорулатууга жана потенциалдуу өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жакшыртууга, тобокелдиктерди кыйла азайтууга жана минималдаштырууга мүмкүндүк берет. Бул Конвенцияга кошулуу ошондой эле өлкөнүн эл аралык позициясын бекемдөөгө жана узак мөөнөттүү келечекте стратегиялык кызыкчылыктарга жооп берген радиациялык коопсуздук жаатындагы милдеттенмелерди аткарууга өбөлгө түзөт.
