Индиядагы учак кырсыгы. Жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандары болгон эмес
13 июнь

Индиядагы учак кырсыгы. Жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргызстандын жарандары болгон эмес

Ахмедабад (Гуджарат штаты, Индия) шаарына жакын жерде Boeing 787 жүргүнчү учагынын кыйроосуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Расмий билдирүүлөргө ылайык, учактын бортунда 242 жүргүнчү болгон. 

Алдын ала маалыматтарга карата жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон эмес, ошондой эле учак кырсыгынан кийин КР жарандарынан жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Элчилиги кырдаалды көзөмөлдөө максатында Индиянын тийиштүү органдары менен байланышта болууда.