Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абал
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча 2025-жылдын 7-жумасында (10.02.25 - 16.02.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 10 796 учуру жана сасык тумоонун 73 учуру катталып, мурунку жумага (06-жума и.к. 148,6) салыштырмалуу + 3% га жогору.
Ооругандардын 4,4%ы (483 адам) ооруканага жаткырылган. 2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап сасык тумоонун 66% A/(H1N1(2009)), 29,3% В түрү жана 4,7% COVID-19 менен шартталган сасык тумоо мезгили болду.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын айлануусу байкалган, алардын ичинен респиратордук синцитиалдык вирус – 28%, риновирус – 26,6%, аденовирус – 13%, I-IV парагрипп – 11,9% жана башка вирустук инфекциялар – 205%.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында мектептерде балдардын сабакка катышуусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
